Шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча 36 иш козголду (видео)

1883

Үгүт маалында шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча 36 кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлиги берген маалымат боюнча, эң көп учур Бишкек шаарында, Чүй, Нарын, жана Ош областтарында катталууда. Ал эми БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна добуш сатып алуу боюнча баш-аягы 42 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен төртөө гана сотко жөнөтүлгөн.

Акыркы убактарда кайсы бир кандидат же партия үчүн иштеп жаткандар берген маалымат боюнча, бир добуш кеминде 1000-2000 сомго бааланууда. Укук коргоо органдары шайлоочуларды сатып алган талапкерге гана эмес, добушун саткан адамдарга да чара көрүлөөрүн эскертүүдө.