112

Сузактагы жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды

авари2
Өлкөдө кайрадан ири авария катталып, адам курмандыктары менен коштолду. Жалал-Абад областынын Сузак районунда болгон жол кырсыгы үч кишинин өмүрүн алды. Бүгүн эртең менен Беш-Бала айылындагы Гагарин көчөсүндө эки жеңил унаа кагылышкан. Үч киши ошол жерден көз жумуп, үчөө оорууканага жеткирилди. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышкан. Каза болгон жана жабыркаган адамдар Жалал-Абад шаардык ооруканага жеткирилген.