255

Түндө өлкө аймагында болгон бороондун кесепеттерин тактоо иштери уланууда

1
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Чүй областынын Жайыл районунда шамалдын ылдамдыгы секундуна 28 метрге чейин жетип, Кара-Балта шаарында бир катар турак-жайлардын чатырын учурган. Бишкекте секундуна 21 метрге чейин жеткен шамал болуп, 13 бак кулап, эки машина жабыркаган. Ибраимов көчөсүндө жол жээгинде токтоп турган Лексус үлгүсүндөгү автоунааны дарак басып калды. Ал эми Тоголок Молдо көчөсүндо бир машинанын үстүнө бутактар түшкөн