251

Табийгат кырсыктарынан жабыркаган Ош облусунун тургундарына жардам көрсөтүлдү

Землетрясение
Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер жана Жалпак-Таш айылдык аймактарында болгон жер көчкүнүн, ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди жана Чоң-Алай айылдык аймактарында болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан финансылык каражат бөлүндү.

Мамлекет башчысынын чечиминин негизинде материалдык жардам көрсөтүү үчүн финансылык каражаттар – Өзгөн районундагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыркагандарга – 100 миң сомдон, ошондой эле Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандарга – 100 миң сомдон (турак жайы кыйраган деңгээли ӨКМ тарабынан аныкталган 5 категорияларга) жана 50 миң сомдон ( 4-категорияларга) бөлүнөт.