НТС

Таэквандочулар Казакстандан 11 медаль утуп келишти (видео)

Кыргызстандык жаш таэквандочулар Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 11 медаль утуп кайтышты. Турнирде өлкөнүн намысын коргоп 11 спортчу катышкан. Алардын үчөө алтын медаль тагынып чемпион аталса, үчөө күмүш, бешөө коло байгеге ээ болушту. Алтын алгандардын бири командадагы жалгыз кыз 10 жаштагы Айназик. Эл аралык мелдеште баш аягы жүздөн ашуун спортчу күч сынашкан. Анда биздин таэквондисттер мыкты ыкмаларды колдонуп, атаандаштарын нокаутка жыккандар да болгон.