2022-жылга чейин ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынышы мүмкүн

3779

Экономика министрлиги өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ишкер чөйрөнү колдоо максатында өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 «Ишкер субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуш кылды. Ал долбоордо ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган.

Министрлик буга чейин өкмөттүн аталган токтомуна ылайык, мораторий 2019-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 1-январына чейин киргизилген. Мухаммедкалый Абылгазиев башкарган өкмөт бул токтом мене ишкерлерди жөнү жок текшерүү тыйылганын, бул ишкерликти колдоодогу негизги жетишкендик экенин билдирип келет. Бирок айрым ишкер бирикмелер бул токтом кагаз жүзүндө калганын сындап жүрүшөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.