441

Таксистти өлтүрдү деп шектелген 2 адам колго түшүрүлдү


Таксистти 19 жолу бычак сайып өлтүрдү, деп шектелген 2 адам колго түшүрүлдү. Алар “Манас” аэропортуна кеткен жолдо кармалган. Тартип сакчылары “Хонда Фит” унаасын токтоткондо, анда отургандар милиция кызматкерлерине атырылып, каршылык көрсөтүшкөн. Унааны тинтүү учурунда медициналык кол кап, маска жана кан болгон бычак табылган.

Сурак учурунда 23 жана 29 жаштагы шектүүлөр 31-июлдан 1-августка караган түнү, алдын-ала сүйлөшүп алып, таксистке кол салышканын айтып беришкен. Алар айдоочунун курсак жана моюн тарабына 19 жолу бычак сайышкан. Ошол жерден жан берген таксистти өзүнүн унаасына салып барып, Кой-Таш капчыгайындагы дарыяга салып жиберишкен. Андан кийин акча табуу максатында, аэропортко 3 адамды жеткирип, кайтып келе жатканда кармалган.

Тартип сакчылары маркумдун сөөгү табылып, ал мурда милицияда иштеген болуп чыкты. Учурда “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.