ТИМ Саймаитини өлтүрдү деп кармалгандардын жарандыгын текшерүүдө

5156

«Ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрдү деген шек менен кармалган үч кишинин экөө Кыргызстандын жарандары» деген маалыматты Тышкы иштер министрлиги текшерип жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Бизнесменди өлтүрүүгө шектелгендер Түркиянын Адана аймагынан Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган маалда колго түшүрүлгөн. Кармалгандар алгачкы суракта Айеркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Эске салсак, ишкер Айеркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Окуя болгон жерден Саимаитиге таандык делген Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Көп өтпөй ал жолтандабас Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консул Эркин Сопоковдуку экени ырасталган. Кечээ ал президенттин буйругу менен кызматынан алынган.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Эркин Сопоков боюнча расмий маалымат таратып, анда экс-консул дипломатиялык өкүлчүлүктүн унаасы кылмыш катталган жерге эмне үчүн барганын түшүндүрүп бере албаганын айтышкан.