Кыргызстанда өлүм жазасын кайра киргизүү сунушталууда (видео)

2703

Баш мыйзамдын жаңы редакциясына экинчи расмий тилин кошуп, өлүм жазасын киргизүү керек. Конституциялык кеңешменин отурумунда ушул жана башка бир катар сунуштар айтылды. Аталган кеңешменин «Адам укуктары жана эркиндиктери» багытында иш алып барган тобу долбоордогу 27-беренеге каршы пикирин билдирип, аны алып салууну сунушташууда.

Айтымдарында «Адамдын ар-намысына шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат” деген норма көп адамдарды, анын ичинде өзгөчө журналисттерди кысымга алууга жол ачат. Ошондой эле, Курултай институтун бийлик органы кылуунун зарылдыгы барбы, деген суроо да коюлду.