Коррупционерди бошоткондор жазаланабы? (видео)

7055

Укук коргоочулар коррупция үчүн соттолгон Насырбек Алмаматовду эркиндикке бошоткон судьялардын аракетине укуктук баа берүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышты. Ошондой эле, юристтер соттордун тартип комиссиясына дагы арыз жазышты.

Адистердин айтымында, 12,5 жылга соттолгон мурдагы аткаминердин өлкөдөн качып кетишине жол ачкан судьялар менен прокурорлор жоопкерчиликке тартылышы керек. Бирок бул иш боюнча азырынча бир дагы мамлекеттик орган үн ката элек.