133

Тамчы айылындагы жол кырсыгында 3 адам набыт болду

Авария2
Ысык-Көл областынын Тамчы айылындагы жол кырсыгында 3 адам набыт болду. Жергиликтүү Патрулдук милиция кабарлагандай, кечээ күнү Бишкектен бараткан “Тайота Ист” автомашинасы Тамчы айылынын күн чыгыш тарабынан келе жаткан “Хонда Стрим” унаасы менен кагылышып, “Тайота Исттеги” 2 жүргүнчү набыт болгон. Ал эми экинчи машинадагы бир жүргүнчү ооруканага жетип, каза тапкан. Жабыр тарткандардын саны жалпысынан 8 адамга жетип, алар Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилди.

Тартип сакчыларынын айтымында, унаалар бетме-бет сүзүшкөн. Ал эми бүгүн болсо, саат 12лерге жакын Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында дагы бир жол кырсыгы болуп, бир нече адам жабыркады. Жүргүнчү ташыган маршруттук такси менен “Мазда” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышып, кичи автобус оодарылып кеткен. Анын ичинде 12 жүргүнчүнүн бары ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышканы кабарланууда. Арасында жаш балдар да бар. Жеңил унаанын ичиндеги 6 адам дагы жабыркады, дешет окуянын күбөлөрү.