5 жылдан бери жабык турган Тарых музейи ачылды (видео)

1950

5 жылдан бери оңдоп-түзөөгө деп жабылып турган Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага бир катар мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер чакырылган. Анда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө пресс-тур да уюштурулду.

Эми көрүүчүлөр Улуттук тарых музейинен байыркы буюмдарды көрүп гана тим болбостон, алар тууралуу электрондук маалымат дагы ала алышат. Ошондой эле Улуттук музыкалык аспаптарда чертилген күүлөрдү дагы угууга мүмкүн. Маданий жайга 100 миңге жакын экспонаттын түрлөрү коюлган. Аны көрүүчүлөр 10 күн бою бекер көрө алышат.