Тарых музейине 5 күн ичинде 30 миңдей адам баш бакты (видео)

1576

5 жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи расмий ачылган 5 күн ичинде 30 миңге жакын адам баш бакты. Бул тууралуу маданий жайдын кызматкерлери айтышты. Бүгүн дагы маданий жайга кирүүгө ашыккан адамдардын узак кезеги байкалды.

Көпчүлүгү жогорку окуу жайларынын студенттери менен мектеп окуучулары. Арасында аймактардан келгендер да бар. Басымдуу бөлүгү — Улуттук тарых музейине кирүү акысыз экенин угуп, баш багып көрүүнү чечишсе, айрымдарына анын ичиндеги ызы-чуу жараткан экспонаттар кызык болгон.