НТС

Тарых музейине делген кара мрамор уурдалдыбы? (видео)

УКМК — Улуттук тарых музейин жаңылоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү иштерин баштады. Атайын кызмат тараткан маалыматта Түркия тарабынан берилген гранттык каражатты күтпөстөн бюджеттен акча табуу боюнча бир нече чечим кабыл алынганы айтылат. Териштирүү иштери апрель айынан тарта УКМКнын коррупцияга каршы кызматы жана Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлө баштаган. Аудиттин жыйынтыгы менен ишке юридикалык баа берилет. Эске салсак, Улуттук тарых музейи 2 жыл мурда жабылып, оңдоо иштери башталган. Ага мамлекет тарабынан 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Мунун 850 миллиондон ашыгы экспонаттарга жана музейдин жабдуусун оңдоого кеткен. Жакында эле музейди реконструкциялоодо жабдыктар жана экспонаттар өтө кымбат баа менен алынганы айтыла баштаган эле.