Ала-Тоонун символу болгон Ак калпак (видео)

7986

Көк мелжиген Ала-Тоонун символу болгон Ак калпак. Өлкөдө кыргыздын улуттук баш кийими Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленүүдө. Андыктан бир топ адамдар, өзгөчө жаштар көчөгө ак калпак кийип чыгышты.

Жогорку Кеңеште бир топ депутаттар да жалпы жыйында улуттук баш кийимчен отурушту. Ак калпак күнүн белгилөө демилгеси 2011-жылы көтөрүлүп, анда демилгечилер атайын иш-чараларды уюштуруп, салтанаттуу жүрүштөрдү өткөрүшкөн. Алты жылдан кийин парламент бул күндү Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.