Бүгүн Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленип жатат

8446

Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу бир топ жаштар көчөгө ак калпак кийип чыгып, кыргыздын улуттук баш кийиминин урматына жер-жерлерде салтанаттуу чакан иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Эске салсак, Ак калпак күнүн белгилөө демилгеси 2011-жылы көтөрүлгөн. 2017-жылы болсо Жогорку Кеңеш бул күндү Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган. Былтыр Жогорку Кеңеште «Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун макамын берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору сунушталып, бирок колдоо таппай калган.

Анда долбоордун авторлору кыргыздын улуттук баш кийими калпакты мазактагандарды жазалоо зарылчылыгын айтып чыгышкан болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.