Мамлекет көркөм тасма тартууну каржылайт (видео)

5749

Мекенди сүйүү, үй-бүлөлүк салттарды сактоо жана келечек муунду тарбиялоо. Дал ушундай тематиканы камтыган көркөм тасмаларды жаратуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жакында эле сынак жарыялады. Ага кесипкөй киносценаристтер, кино ишмерлер, жазуучулар жана журналисттер да катыша алышат. Алар 20-мартка чейин өз сунуштарын бериши керек.

Бир көркөм тасма Баткен окуясына арналса, экинчиси бир нече теманы камтыган пилоттук долбоор болот. Ал арада кино тармагында эмгектенген бир катар кесипкөйлөр берилген мөөнөт мыкты сценарий жаратуу үчүн өтө эле аз экенин айтышууда.