Коомдук жайларга QR-код менен гана кирүүгө уруксат берилет (видео)

4237

Кийинки жумада коомдук тамактануучу жайларга жана соода борборлоруна QR-код менен гана кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Адистердин айтымында, ковидке каршы эмделгени жөнүндө маалыматты камтыган мобилдик тиркеме паспорт сыяктуу маанилүү документ болуп калат.

Тургундар ар бир кадам сайын аны көрсөтүүгө туура келээри айтылууда. Мындан улам, дарыгерлер жарандарды коронавируска каршы вакцина алууга үндөшүүдө. Бүгүн Кыргызстанга “Модерна” вакцинасынын 112 миң доза партиясы келди. Эки күндөн кийин тургундар үчүн жеткиликтүү болот.