Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 100 миңден ашты

16130

АКШда акыркы бир сутканын ичинде COVID-19 вирусунан 2 108 киши көз жумду. Америкада коронавирустан жалпы 18 700 киши каза болуп адам өлүмү боюнча Италияга жакындап калды. Вирусту жуктургандардын саны жарым миллиондон ашты. Бул дүйнө боюнча эң жогорку көрсөткүч. Испанияда – 158 миңден ашуун адам, Италияда – 147 миң, Францияда – 126 миң, Германияда – 122 миң, ал эми Кытайда — 83 миңге жакын адам вирус жуктурган.

Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, 11-апрелге карата COVID-19 вирусу 1,7 миллион кишиге жукту. Бул илдеттен 102 миңден ашык адам каза болду. Испания, Франция, Италия, Британияда вирустан күн сайын жүздөгөн адам өлүп жатат. Ушул күнгө чейин Европада 64 миң адам коронавирустан көз жумду.

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор — бешөө. 44 бейтап айыгып чыкты.