Окуучулардын 60% окуу программасын толук түшүнүшпөйт (видео)

3799

Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын 60 пайызы окуу программасын толук түшүнүшпөйт. “KG Аналитика” интеллектуалдык фонду билим берүү системасына анализ жүргүзгөндөн кийин дал ушундай жыйынтыкка келген. Анда өлкөдөгү 15 жаштагы окуучулардын билими 37 мамлекеттеги теңтуштарынан 5 жыл артта калганын аныкташкан.

Билим берүү академиясынын илимий кеңеши авторлордун эмгеги окутуу стандарттарына канчалык деңгээлде туура келери көзөмөлдөнөөрүн, мазмунуна жеке басмаканалар жооптуу экенин айтууда. Китептердеги баш айланткан тапшырмаларды аткаруууда азыр ата-энелер да кыйналып жаткан учуру.