НТС

Таштандыдан ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды (видео)

Бишкек шаарынан алыс эмес жайгашкан Маевка айылында кудуктан ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Болжол менен алты-жети айлык болуп төрөлгөн наристенин сөөгү үч кабат баштыкка оролгон.

Ымыркайдын киндиги кесилбей, чубалжыган бойдон калган. Учурда милиция кызматкерлери наристенин энесин издеп жатышат. Мындай окуя бир ай ичинде эле экинчи жолу катталууда. Февраль айынын башында Чоң Чүй каналынын жээгинен дагы бир наристенин сөөгү табылган.