Өзбекстанда 20-апрелге чейин бардык аэропорттор өз ишин токтотту

10369

Өзбекстанда 30-марттан тартып 20-апрелге чейин бардык аэропорттор өз ишин токтотту. Мындай чечимди Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча атайын республикалык комиссия кабыл алды. Буга чейин Өзбекстан тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан жарандар үчүн чартердик авиакаттамдарды уюштуруу иштери жүрүп жатканын билдирген.

Күн мурун жүздөн ашуун өзбекстандык Москвадагы «Внуково» аэропортунда күн кечирип, чартердик каттамды күтүп жатканы кабарланган. Стамбулдагы аэропортто да ушундай эле кырдаал түзүлгөн. Аба мейкиндиги жабылса, эми чартердик каттамдар маселеси кандай чечилери белгисиз.

Бул арада Өзбекстанда 30-марттан тартып 20-апрелге чейин жеке транспорт колдонууга тыюу салынды.

Маалыматка караганда, жеке автоунааларды өтө чукул кырдаалдарда (төрөт, олуттуу жаракат алуу же адам өмүрүнө коркунуч жаралган башка учурларда) гана колдонууга болот. Көчөлөрдө атайын стикер чапталуу транспорттук каражаттар гана жүрө алат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.