НТС

ТЭЦ-2 конушундагы көйгөйлөр парламентте талкууланды (видео)

Кыргызстанга боор жана бөйрөк алмаштыруучу медициналык борбор зарыл. Учурда жергиликтүү дарыгерлер трансплантациялоону 50-60 миң долларга жасашат экен. Бул көпчүлүк үчүн өтө кымбат. Мындан улам, 260 адам арзан операция жасатуу үчүн Индияга жөнөп кеткен.

Кыргызстанда боор жана бөйрөк алмаштыруучу атайын медициналык борбор түзүп, хирургдарды чет өлкөгө окууга жиберип, бейтаптар үчүн өз өлкөсүндө дарыналууга шарт түзүлүшү керек, дешет депутаттар. Жогорку Кеңештин отурумунда саламаттык сактоо тармагынын көйгөйлөрүнөн тышкары, социалдык жана экономикалык маселелер дагы козголду.