Бишкекте 3 аял 16 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлады деп шектелүүдө

3467

Бишкекте 16 жаштагы кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоого шектелген 3 аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. 23, 24 жана 33 жаштагы шектүү катары кармалган 3 аял убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эске салсак, буга чейин бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары Каракол шаарынан уурдалган кыз Бишкекте сойкулук менен алектенүүгө мажбур болгонун жазып чыгышкан. Анда былтыр 21-ноябрь күнү бир аял милицияга кайрылып, анын тууганынын кызын бейтааныш адамдар күч колдонуп алып кетип, денесин сатып иштөөгө мажбурлап жатканы тууралуу арыз жазган. Эч майнап чыкпагандан кийин туура бир айдан кийин ал аял Укук коргоо органдарына дагы бир ирет кайрылган. Ал арада бир нече медиа кыздын тагдыры тууралуу жазып жиберишкен.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине «сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоо» жана «адам уурдоо» беренелери менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалганы белгиленди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.