Дженго кимдердин акчасын адалдап келген? (видео)

1454

Кылмыш чөйрөсүндө Дженго деген аты бар Кадыр Досоновду кармоого Тажикстандын чекисттери жардам берген. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Кошуна мамлекеттин атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен сүйлөшүү болгондон кийин, алар өз өлкөсүнөн кримтөбөлдү кууп чыгып, ал Кыргызстанга келгенде колго түшүрүлүптүр.

Жакында эле Кадыр Досоновго карата кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголуп, ага жана жакындарына катталган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнүн тизмеси жарыяланган. Ал кимдердин арам акчаларын адалдаштырган?