Матраимовго эмнеге аз жаза берилди? (видео)

1505

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата «мыйзамсыз баюу» беренеси менен да кылмыш иши ачылышы зарыл. Мындай пикирлерин бир катар юристтер билдирип чыгышты. Айтымдарында, кечээ Матраимов сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү мойнуна алганы буга жол ачат.

Анан да былтыр УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынынын жүрүшүндө Матраимовго дагы бир жаңы кылмыш иши ачылганын билдирип, бирок аны ачыктаган эмес. Ал арада интернетте кечээ Райымбек Матраимовго чегерилген 260 миң сомдук айыппулга эмне алса болот деген суроо кызуу талкууну жаратып турган чагы. Айрымдары белгилүү бир брендден көйнөк дешсе, кээ бири мугалимдин бир жылдык айлыгы деп эсептешүүдө.