НТС

ТЭЦтеги кырдаал дагы кайталанабы? (видео)

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү газ куурларын орнотуп баштоо 2020-жылга чейин жылдырылды. Бул Түркмөнстан менен Тажикстандагы кырдаалга байланыштуу болууда. Бүгүн бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланды. Бирок жыйынга өкмөт мүчөлөрү даярдыксыз келишкен. Эгер келишим боюнча талаш маселе жаралса, иш кайсы сотто каралаарын министрлер так билишпейт экен. Акыры соттук териштирүү зарыл болсо, ал Швециянын арбитраждык сотунда англис тилинде каралаары айтылды. Мындай жооп эл өкүлдөрүн канааттандырган жок. ТЭЦ боюнча келишимде да ушул жагдай эске алынбагандыктан, өкмөт мүчөлөрү катуу сынга алынууда.