Тедрос Адханом Гебрейесус: Дүйнө жүзүндө пандемия өтө тездик менен тарап жатат

3330

Дүйнө жүзүндө пандемия өтө тездик менен тарап жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргендей, биринчи учур катталгандан 67 күн өткөндө вирус 100 миң кишиге жуккан.

Анан 11 күндө 100 миңден 200 миңге чейин жукту, ал эми кийинки төрт күндө илдетке кабылгандардын саны 300ден ашты, – деди ал. Бүгүн, 24-мартка карата дүйнө жүзү боюнча 378 миңден ашуун адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды, 16 миңден ашуун киши көз жумду.

COVID-19 вирусуна каршы 20дан ашуун препарат иштелип жатат. Алардын айрымдарынын эффективдүүлүгүн апрелде сыноого болот. Көптөгөн себептерден улам вирустук инфекцияга каршы дары табуу оор болууда. Маселен, азыркыга чейин сасык тумоого каршы таасирдүү дары жок экени айтылып келет. Адистердин пикиринде, коронавируска каршы препарат табылган күндө да буга бир нече ай талап кылынат, ал болсо баарына эле жардам бербеши мүмкүн, терс таасирлери болот. COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө адамдар жеке иммунитетине жана карантин чараларына таянып, вакцинанын иштелип чыгышынан үмүт артуудан башка жол жок.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.