НТС

Тегеран Ирандагы толкундоолор үчүн башка өлкөлөрдү күнөөлөдү

epa06386454 Iranian Foreign Minister Mohammad Javad Zarif attends the extraordinary summit of the Organisation of Islamic Cooperation (OIC) in Istanbul, Turkey, 13 December 2017. Leaders of OIC gather in Istanbul after US president Donald J. Trump on 06 December announced he is recognising Jerusalem as the Israel capital and will relocate the US embassy from Tel Aviv to Jerusalem. EPA-EFE/ARIF HUDAVERDI YAMAN / ANADOLU A

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Ирандагы башаламандыкты кубаттаган өлкөлөргө эскертүү жасады.

Ирандын бардык аймактарында соңку эки аптадан бери өкмөткө каршы өтүп жаткан нааразылык акцияларына байланыштуу Зариф маалымат берип, толкундоолор чет өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШ, Израиль, Сауд Арабиянын чалгындоо кызматтары тарабынан уюштурулду деп айыптады. “Коңшуларга туруксуздук орнотуу менен бир дагы өлкө өзү коопсуз боло албайт”, – деди ал Тегерандагы маалымат жыйыны учурунда. Зариф мындай аракеттердин аркасы жаман бүтөрүн эскертти.

Кошмо Штаттар Ирандагы толкундоолордун артында Вашингтон турат деген дооматтарды жокко чыгарды. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Майк Помпео 7-январда агенттиктин башаламандыктарга тиешеси жок экенин билдирген. АКШ президенти Дональд Трамп нааразылык акциясына чыккандарды жогору баалап, Вашингтон аларга жардам көрсөтүүгө даяр экенин айткан. Ирандагы толкундоолор учурунда 22 киши өлүп, 1700тен ашууну камалды.

7-январда Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль Европа биримдиги Зарифти өкмөткө каршы нааразылык акцияларына байланыштуу сүйлөшүүгө чакырарын маалымдаган.