НТС

Терроризмге айыпталып соттолгондордун саны беш эсеге көбөйдү

Кыргызстанда терроризм менен экстремизмге айыпталып соттолгондордун саны беш эсеге көбөйдү. Мындай маалыматты Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы кылмыштуулук жана баңги затына каршы күрөшүү башкармалыгы таратты.

Анда 2010-жылы терроризм, экстремизм үчүн эркинен ажыратылгандардын саны 79 болсо, былтыр бул көрсөткүч 422ге жеткени айтылат. Алардын баары 31ден 45 жашка чейинкилер.

Өлкөдө терроризм же экстремизм үчүн соттолгондордун ар бир бешинчиси аялдар.