Жалган номерди тагып алган – каттоо кызматынын төрагасыбы? (видео)

4825

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов жол эрежесин бузгандардын сүрөттөрү интернетте жарыяланып жатканы боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады. Аткаминер бул маалыматтар мониторинг борбору менен Инфоком мекемесинен сыртка чыкпашы керек болчу дейт.

Каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов жасалма номерлүү унаа менен жүрөт деген маалымат тараган. Бирок ал муну четке кагууда. «Унаа» ишканасынан билдиришкендей, 5 башка машинада тагылган так ушул жасалма номер былтыр эле жок кылууга жөнөтүлгөн.