Милиционер жол кырсыгы үчүн жооп береби? (видео)

4293

Сокулук райондук милициясынын башчысы катышкан жол кырсыгында оор жаракат алып, 3 күн өтпөй көз жумган Рысбек Апиев жерге берилди. Ал эми милициянын полковниги болсо учурда ооруканада. Анын 3 кабыргасы жана буту сынганы айтылууда. Ал дарыгерлерге кырсык болгондон 2 күн өткөндөн кийин гана кайрылган.

Окуянын күбөлөрү жана дарыгерлер тартип сакчысы жол кырсыгы учурунда мас абалында болгонун айтышууда. Ал өзү муну жокко чыгарган. 7-декабрь күнү Бишкек — Торугарт жолунда жүк ташуучу «Мерседес Спринтер» унаасы менен «Мерседес» жеңил унаасы бетме-бет сүзүшкөн.