Айсулуу, Айпери, Аймээрим. Үч эм үч спортчуну күтүп жатат (видео)

3367

Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын жана күмүш медаль тагынган Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын аты берилген 3 эм 10 күндүн ичинде төрөт үйүнөн чыгарылат деп күтүлүүдө.

Ага чейин наристелердин ата-энеси Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн балбан кыздар менен жолугушуп калсак дешет. Учурда Бермет Дубашева жана анын 3 кызы Бишкек шаарындагы перинаталдык борборунда жатат. Абалдары туруктуу деп бааланууда.