418

ТИМ Катарга уча турган жарандарды авиакомпанияны алмаштырууга чакырууда

МИД КР
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Катар мамлекетине уча турган жарандарды авиакомпанияны алмаштырууга чакырууда. Министрлик билдиргендей, буга бир катар араб өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык байланыштарын токтоткону себеп болууда. Эске салсак, кечээ Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн, Сауд Арабиясы жана Египет, Катар өлкөсү менен дипломатиялык мамилелерин токтотконун жарыялашкан. Аталган мамлекеттер Катар, “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каида” террордук топторун колдоп, араб өлкөлөрүнүн ички иштерине кийлигишүүдө, деп айыпташууда.
Өз кезегинде Катар буга жооп кайтарып, бул дооматтардын бардыгын четке кагып, террорчулук менен экстремизмге каршы күрөштө өз милдетин так аткарып жатканын расмий кабарлады. Бирок буга карабастан, араб өлкөлөрү Катарга болгон бардык аба, жол жана деңиз каттамдарына тыюу салышты. Көп өтпөй “Сауд аба жолдору”, “Этихад”, “Эмирейтс” жана “Флай Дубай” авиа компаниялары Дохага болгон каттамдарын белгисиз мөөнөткө чейин токтотконун жарыялашты. Бул авиакомпаниялардын айрымдарынын өкүлчүлүгү Кыргызстанда дагы бар.