НТС

Тогуз-Торо районунда алтын чайкаган фабриканын имараты өрттөндү

Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундар алтын чайкаган фабриканын имараты менен техникасын өрттөп салышты. Бүгүн 500гө жакын адам митингге чыгып, «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын жетекчилиги алардын талаптарын аткарбай жатканына нааразычылыгын билдирип, кескин кадамга барышкан.

Тогуз-Торолуктар көптөн бери эле бул ишкана экологияны бузуп жатат деп аны жабууну талап кылып келишет. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү менен, жашоочуларды көндүрүү мүмкүн болгон эмес. Учурда нааразычылык акциясы уланып жатат.