Тойлор, адамга керектүү, жагымдуу жана пайдалуу кылып өткөрүлүшү керек. Өлкөдө интеллигенция өкүлдөрү тойдун жаңы форматына өтүү керектигин айтышууда. Демилгечилер жакшылыктарды башкача уюштуруунун сценарийи үчүн конкурс жарыялап жатышат. Антпесе учурда той-топурдун саны көбөйүп, андагы жөрөлгөлөр чектен чыгып, социалдык маселеге айланып кетти, дейт коомдук ишмерлер. Бирок айрым серепчилердин айтымында, шаан-шөкөттөрдү жөнгө салуу үчүн алгач адамдын аң сезимин өзгөртүү керек.