НТС

Токмоктогу атышуу боюнча 10 милиция жазаланды (видео)

Токмоктогу көзөмөл өткөрмө пунктуна жакын жердеги атышууга байланыштуу 10 милиционер жазаланды. Ички иликтөөнүн жыйынтыгында тартип сакчылары бир нече кызматтык уставды бузганы, жетекчилери болсо кол алдында иштегендерди тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөй алган эмес деп белгиленген. Аларга сөгүш берилип, дисциплинардык жазага тартылышты.

Эске салсак, 26-январда Токмоктогу көзөмөл өткөрмө пунктуна жакын жерде атышуу болгон. Алгач милиция мындай окуя болбогонун айтып, бирок маалымат кылмыш жана жоруктардын реестрине катталган. 2 сутка өтпөй атышуудан жаракат алгандардын бири президентке кайрылуу жасаса, экинчиси ооруканага барып жатып алган. Мындан тышкары, бул иште Жогорку Кеңештин депутаттарынын биринин аты аталган.