237

Токтогул Сатылгановдун портрети өзгөчө техника менен тартылды

Box_SATYLGANOV_1206_0053.mpg_20170612151745
Сүрөтчү Толгобек Койчуманов кыл калеми жок өзгөчө техника менен акын Токтогул Сатылгановдун портретин жаратты. Ал сүрөттү акрил сырын пайдаланып колу менен тарткан. Автордун эмгекти жаратып жаткан учуру видеого түшүрүлүп, ролик жасалган. Бул долбоор “Айтыш” фильм киностудиясы тарабынан ишке ашты. Сүрөтчү былтыр айран менен манасчы Саякбай Каралаевдин да портретин тарткан.