Тышкы карыздан кутулуу үчүн элден 1 млн 49 миң сом түштү (видео)

1777

Тышкы карыздан кутулуу үчүн элден акча чогултуу максатында ачылган эсепке 1 миллион 49 миң 100 сом келип түштү. Анын 1 миллиону жеке ишкер Адылбек Асанов тарабынан которулуптур. Ал эми башка жарандар которгон каражаттын суммасы — 22 миң 100 сомду түзгөн.

Калганы юридикалык тараптардан түшткөн. Бүгүнкү күнү Кыргызстан 10 өлкө жана 12 эл аралык уюмга 4 миллиард 200 миллион доллар карыз. Анын басымдуу бөлүгү Кытайга берилиши керек.