Улуттук статистика комитети: Өлкөдө чакан насыя алгандардын саны көбөйүүдө

2853

Алардын саны акыркы 9 айда эле 18,5 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Ага ылайык, январь-сентябрь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан дээрлик 545 миң адамга 23,5 миллиард сом насыя берилген. Бул өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу дээрлик 6,4 миллиард сомго көптүк кылат.

Чакан насыялардын эң көп көлөмү Ош, Жалал-Абад, Чүй областтарынын жана Бишкек шаарынын тургундарына берилген. Насыя алгандардын 34 пайызы акчаны айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө жумшай турганын билдирсе, 27 пайызы убактылуу керектөө үчүн алышкан. Калгандары кредит алып соода кыларын көрсөтүшкөн.

Эске салсак, 2 күн мурда өкмөттүн атайын токтому чыгарылып, анда финансы-насыя уюмдарынан 100 миң сомго чейин кредит алгандар 3 айдын үстөк пайызын төлөөдөн бошотула турган болду. Бул үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 253 миллион 216 миң сом бөлүнөт. Жеңилдик кредиттик союздан, лизинг компаниясынан жана ломбарддан карыз алгандарга каралган эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.