Чукул билдирүү: Өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

6577

8-10-май күндөрү күтүлүп жаткан катуу жамгырдан Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Буга чейин бир жуманын ичинде катуу жааган жаандан Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында сел жүрүп, айдоо талааларды, турак жайларды суу каптаган. Кырсык дыйкандарды, малчыларды ири чыгымдарга учуратты. Баткен облусу 55 млн. 276 миң сом чыгым тартса, Жалал-Абад облусу тарткан чыгымдар эсептелип бүтө элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.