Дүйнөлүк банк кедей өлкөлөргө берилген жардам боюнча иликтөө жарыялады

2795

Кедей өлкөлөргө берилген финансылык жардамдар уурдалууда. Дүйнөлүк банк донордук уюмдар кедей өлкөлөргө берген жардам кандай сарпталганы тууралуу иликтөөсүн жарыялап, ал документте эң кедей 22 өлкөнүн аты аталган. Арасында мурдагы советтик чөлкөмдөн Кыргызстан жана Армения бар.

Иликтөөнүн үстүнөн иштеген 3 автордун бири аталган банктын кызматкери. Алар чет өлкөлүк жеңилдетилген насыяларга өзгөчө көз каранды 22 өлкөнү иликтешкен. Изилдөөнүн жыйынтыгында бул өлкөлөр ички дүң өнүмүнүн 1 пайызын түзгөн ири каржылык жардамды алары менен кайра сыртка ири суммадагы акча которуу башталарын көрсөткөн. Орто эсеп менен алганда жардамга келген акчанын 7,5 пайызы дароо сыртка, оффшорлорго чыгарылат экен.

Ал эми тизмеде көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн бийлиги мындан да көп акча «уурдашы мүмкүн» деп айтылат. Себеби өлкө ичинде кыймылсыз мүлктү кымбат баалуу буюмдарды сатып алганы эсептелген эмес. Иликтөөгө алынган өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү Африка өлкөлөрү болсо, катарында Кыргызстан, Армения, Афганистан жана Гайана бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.