342

Туалетке ташталган ымыркайдын энеси изделүүдө


Жаңы төрөлгөн ымыркайды дааратканага таштап кеткен эне изделүүдө. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми кечээ оор абалда ооруканага жеткирилген наристенин абалы учурда канааттандырарлык, дешет дарыгерлер. Эске салсак, кечээ Бишкектин Арча-Бешик конушундагы жеке үйлөрдүн биринин туалетинде киндиги кесиле элек жаңы төрөлгөн кыз табылган. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен ымыркай занга толгон чуңкурдан чыгарылып, наристе аман калган.