Каржы булагын казинодон издегендер (видео)

7043

Кумарканалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү маселеси кайрадан Жогорку Кеңеште көтөрүлө баштады. Сунушту депутат Улан Примов айтып чыкты. Парламентарий казинолорду уюштуруу жолу менен өлкө капчыгын толтурууга болот деп өкмөткө сунуш келтирди.

Ал арада, Примовдун бул пикирин бардык эле кесиптештери колдой беришпейт. Айтымдарында, башка жолдорду карап чыгуу зарыл. Ал арада казинолорду кайра жандандыруу керек дегендердин артында кызыкдар тараптар бар экени жана алар мындай сунуштар үчүн жарым миллион долларын аябай турганы тууралуу маалыматтар да желдей тарап жатат. 7 жыл мурда тыюу салынган кумарканаларды кайра уюштурууга канчалык зарылчылык бар?