Күч түзүмдөрүндө пенсияга чыгуу курагы жогорулатылабы? (видео)

5598

Күч түзүмдөрүндө эмгектенгендердин пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу зарыл. Буга кошумча, ар кандай жеңилдиктерге ээ болгон ардагерлердин категориясы каралышы керек. Мындай демилге депутат Иса Өмүркуловго таандык.

Анын айтымында, күч түзүмүндө иштегендер дагы башкалардай эле 58-63 жашында пенсияга чыгышы керек. Муну менен пенсионерлердин санын кыскартуу мүмкүн экен. Бирок парламентарийдин мындай сунушуна макул эместер четтен чыгат.