Рита Карасартова аны «бүлдүргүч» деп сындаган депутатка жооп берди

6599

Укук коргоочу Рита Карасартованын башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалышына Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова каршы болууда.

Эл өкүлү бул маселени парламенттин жалпы жыйынында көтөрүп чыгып, Рита Карасартованы «бүлдүргүч» деп атап, аны кызматка алып келген өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди сынга алды. Ошондой эле, премьер-министрдин кадрдык саясатына таң калып жатканын айтты.

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп кечээ эле дайындалган Рита Карасартова аны «бүлдүргүч» деп сындаган Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строковага жооп кайтарды.

Мурдагы укук коргоочу билим берүү тармагын оңдой ала турганын иши менен көрсөтө турганын айтууда. Ал тургай, Карасартова депутат Евгения Строкова менен телекөрсөтүү аркылуу бетме-бет талкууга чыгууга даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.