НТС

Түркия кинолорун акысыз көрүүгө болот (видео)

Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган түрк кинолорунун жумалыгы башталды. Иш-чара 30-июнга улантылып, анда кыргызстандык кино сүйүүчүлөрдүн назарына түрк кинорежиссерлору жараткан 5 тасма сунушталат. Аларды көрүүнү калагандарга — кирүү акысыз. Бул маданий иш-чаранын ачылышына жергиликтүү маданий ишмерлерден жана саясатчылар катышышты. «Түрк кинолорунун жумалыгы» Бишкекте ушуну менен экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Бул жылы ал Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган фильмди көрсөтүү менен башталды.