Кант диабетин алдын алууга мүмкүн (видео)

9225

Бишкек шаарынын бир топ жеринде аталган дарттын көрсөткүчүн өлчөгөн жайлар ачылып, анда каалоочулар акысыз текшерүүдөн өтө алышты. Андан сырткары, кан басымдары дагы текшерилип, дарыгерлер келгендерге кеңеш беришти.

Бул иш-чара Бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган. Иш-чарага келгендердин көпчүлүгү бул дарт менен мурда эле жабыркап келишсе, арасында биринчи жолу текшерилип жаткандар дагы болду.