Саботажга жол берилбейт. Президент сотторго эскертүү берди (видео)

3866

Сот реформасына бут тосуп, саботаж кылгандар кызматтарынан айдалат. Президент Сооронбай Жээнбеков сот-укуктук реформасы боюнча кеңештин 3-жыйынында фемида өкүлдөрүнө акыркы эскертүүсүн берди.

Иш-чаранын алкагында жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын колдонушу, аларды өркүндөтүү маселелери талкууланды. Жыйында президент айрым мамлекеттик мекемелердин жетишкендиктерин баса белгилеп, кээ бир органдардын ишмердүүлүгүн катуу сындады.