Дарыгерлердин айлыктары көтөрүлөт (видео)

1457

Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү үчүн кошумча каржы булактары изделүүдө. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Москвага болгон иш сапарында мекендештер менен жолугушуу учурунда медициналык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлөөрүн билдирген.

Ак халатчандардын кесиптик кошууну тегерек үстөлгө чогулуп, дарыгерлердин эмгек акысын Кыргызстандагы орточо айлыкка теңөө талабын айтышты. Ал 18 миң сомго жакын. Ал эми медицина кызматкерлеринин алган айлыгы андан 2 эсе аз, — дешет адистер.